Окуялар
Чек арада 5 млн сомдук «Дайсон» чач кургаткычтарын мыйзамсыз ташып келе жаткан эки унаа аныкталды

Кыргызстандын аймагына электр шаймандарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлады.
Тактап айтканда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан «Ак-Жол» өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктунда коштомо документтери жок «Дайсон» үлгүсүндөгү электр шаймандарын ташып келе жаткан эки унаа аныкталды. Алардын ичинде 44 даана чач кургаткыч жана 66 даана чач тармалдаткыч болгон.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аныкталган коштомо документтери жок продукциянын жалпы баасы 5 млн сомдон ашкан.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, транспорт каражаттары айып короо жайына токтотулду.




