Коом

Электрондук күндөлүк аркылуу келген билдирүүнүн негизинде мектептеги “разборкага” бөгөт коюлду

Кыргызстанда «Э-Күндөлүк» электрондук күндөлүк системасындагы «Коркпо, кабарла» аттуу анонимдүү функция аркылуу окуучулардан 25 миңден ашуун билдирүү түшкөн. Бул тууралуу парламенттин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, бул функция 2025-жылдын биринчи кварталында ишке киргизилген. Система балдарга кысым же коркутуу фактылары тууралуу анонимдүү түрдө кабарлоого мүмкүнчүлүк берет. Маалымат түздөн-түз Агартуу министрлигине түшүп, андан соң ыкчам чара көрүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт.

Учурда бул маалыматтарды иштетүү адам ресурстары аркылуу жүргүзүлүүдө, бирок жакын арада процесс толугу менен автоматташтырылат.

Тарбия жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркинбеков балдар мектептеги чыр-чатактар тууралуу гана эмес, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча да билдирүүлөр түшүп жатканын кошумчалады.

«Ар кандай кайрылуулар келип түшүүдө. Конкреттүү бир учур болгон — электрондук күндөлүк аркылуу келген билдирүүнүн негизинде мектептеги “разборканын” алдын алууга мүмкүн болду. Окуучу жогорку класстын окуучулары кичүүлөрдү кечки убакта белгилүү бир жерге “жыйын” өткөрүү үчүн чогултууну пландап жатканын жазган. Өз убагында алынган маалымат бул укук бузууга жол бербөөгө жардам берди», — деди Эркинбеков.

Тектеш кабарлар

Back to top button