Коом

Дубай менен Кувейттен Бишкекке келе турган авиакаттамдар кайрадан токтотулду

Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңга маал «Flydubai» авиакомпаниясынын Дубай — Бишкек багыты боюнча учагы «Манас» эл аралык аэропортуна конушу керек болчу. Бирок белгисиз себептерден улам аталган каттам убактылуу токтотулду.

Мындан тышкары, Кувейт — Бишкек багытындагы авиакаттам да токтотулганы белгиленди.

Учурда каттамдардын эмне себептен үзгүлтүккө учураганы жана алардын качан калыбына келтирилери тууралуу кошумча маалымат бериле элек.

Тектеш кабарлар

Back to top button