Коом

Орозо айт 20-мартта белгилениши ыктымал

Орозо айт алдын ала маалымат боюнча 20-мартта белгилениши ыктымал.

Бир катар өлкөлөрдө ушул күн белгиленген. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы майрамдын так күнү кийинчерээк жарыяланарын билдирип, ал айдын жаңырганына карап аныкталарын айтышты.

Белгилүү болгондой, буга чейин Кадыр түн 17-мартка караган түнү тосулары белгилүү болгон.

Эске салсак, Орозо айы 19-февралда башталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button