Коом

Депутат Салтанат Аманова журналисттердин турак жайына, айлык акысына көңүл бурууну сунуштады

Өлкөдө журналисттердин турак жай маселесинен баштап айлык акысына чейин көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө журналисттердин айлыгы 13 миңден 20 миң сомго чейин түзөт, эң жогоркусу — 30 миң сом.

«Бул сапаттуу жана кесипкөй журналистиканы өнүктүрүүгө жетишсиз. Азыр журналистика көбүнчө популисттик мүнөзгө өтүп, блогерликтин деңгээлинен чыкпай калды. Өлкөдө иликтөөчү журналистика өнүкпөй калды, журналдар жоголуп баратат. Анткени эл басма сөздө жазылган маалыматтарга ишенүүгө көнүп калган.
Журналистиканы жаңы деңгээлге чыгарууга жана ЖМК кызматкерлеринин турак жай маселесинен тартып айлык акысын жогорулатууга чейинки көйгөйлөрүн комплекстүү чечүүгө убакыт келди», — деп белгиледи Салтанат Аманова.

Ошондой эле ал жазуучуларга да көңүл бурууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button