Коом

Сурабалдиева 8-Мартка арналган аялдардын маршына тоскоол болбоого чакырды

Депутат 8-Мартка арналган аялдардын маршына тоскоол болбоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн ЖК жыйынында Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, ага Эл аралык аялдар күнүнө карата тынч марш өткөрүүнү пландап жаткан аялдар кыймылынын өкүлдөрү кайрылышкан.

«Аялдардын коомчулугу гендердик теңдик, аялдардын укуктарын сактоо, зомбулук маселеси жана башка актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүү ниетинде. Алар Уркуя Салиева эстелигинен Горький скверине чейин марш өткөрүүнү пландап жатышат. Ага негизинен аялдар жана кыздар катышат, алардан коркуунун кажети жок деп ойлойм.
Мурда алар ушундай марштар учурунда провокацияларга туш болушканын айтып жатышат. Ошондуктан жергиликтүү бийлик органдарына бул маршка тоскоол болбоону жана аялдарга майрамды тынч белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуш кылам. Машиналар менен коштоо үчүн ГУОБДД камсыз кылсын», — деп кошумчалады Эльвира Сурабалдиева.

Тектеш кабарлар

Back to top button