Коом

Кызыл зонада 50 сом. Бишкекте унаа токтотуу үчүн акы саатына алынышы ыктымал

Бишкектин борборунда унаа токтотуу үчүн акы саатына 50 сом болушу ыктымал. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Муниципалитет шаарды зоналарга бөлүп, унаа токтотуучу жайлардын акысын 30 сомдон баштоону көздөөдө. Тагыраагы, кызыл зонада 50 сомдон, көк аймакта 40 сомдон, калгандарында 30 сомдон тариф коюу каралып жатат.

Автоматташтырылган төлөм системасы киргизилсе алгачкы эки саат үчүн саатына 30-50 сом, андан кийинки ар бир саатка 20 сомдон кошуу пландалууда.

Ал эми төлөмдөн качкандарга 1000-5000 сомго чейин айып салынары эскертилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button