Коом
Депутат орозо айынын соңуна чейин түнкүсүн көчөлөрдү жарыктандырууну суранды

Депутат Карим Ханджеза министрлер кабинетинен көчөлөрдү түнкүсүн убактылуу жарыктандырууга уруксат берүүнү суранды. Бул тууралуу ал 4-мартта Жогорку Кенеш жыйынында билдирди.
Анын айтымында, орозо маалында көптөгөн кыргызстандыктар, анын ичинде аксакалдар да, караңгы убакта мечиттерге барууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат.
«Көчөлөр абдан караңгы. Ыйык айдын бүтүшүнө болгону 16 күн калды. Ушул айдын ичинде түнкү көчө жарыгын күйгүзүүгө уруксат берүүнү өтүнөм», — деди Ханджеза.



