Коом

Көкүлов интернетте шылдыңга калганына нааразы болду — ВИДЕО

Депутат Эрулан Көкүлов майда жол эрежесин бузгандыгы үчүн интернетте шылдыңга айландырылганына нааразы болду. Бул тууралуу ал Жогорку Кенеш жыйынында билдирди.

Анын айтымында, майда укук бузуу үчүн аны тартип бузган адам катары көрсөтүшкөн.

«Чынында болсо мен ГУОБДД кызматкерлеринен мыйзамдын алкагында иш алып барууну гана талап кылгам. Эреже бузуу кечки саат 7де катталган, ал эми алар изине түшүп, үйүмө түнкү саат 11де келишкен. Мен протоколго жумуш убактысында кол коюуга даяр экенимди айттым. Түн ичинде үйгө келүү туура эмес. Бул Конституцияда каралган жеке жашоонун купуялуулугун жана депутаттын кол тийбестигин бузуу болуп саналат. Мындан тышкары, протоколду төшкө тагылуучу камера менен эмес, баарын айфонго тартып жүргөн басма сөз кызматынын кызматкери түзгөн.

Адамдарды шылдың кылып, хайп жасоону токтоткула», — деди Эрулан Көкүлов.

ГУОБДД өкүлдөрү депутаттын даттануусуна жазуу жүзүндө жооп берилерин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button