Президент акын Аскат Жетиген боюнча пикирин билдирди

Садыр Жапаров акын Аскат Жетиген боюнча ырайым берүү тууралуу арыз түшсө, аны кароого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
Мамлекет башчысы эмне үчүн ал акынды түрмөдөн бошотпой, ал эми «ыплас иштерден акча тапкан» адамды ырайым кылган деген суроого жооп берген.
Анын айтымында, президент кимди бошотуп, кимди бошотпой турганын өз алдынча тандабайт.
«Мен чечимдерди ырайым берүү тууралуу түшкөн арыздардын негизинде кабыл алам. Эгер адам арыз жазбаса, мен аны кантип бошотом? Эгер ал арыз берсе, биз аны кароого даярбыз», — деди Садыр Жапаров.
Эске салсак, Аскат Жетиген — белгилүү акын жана жарандык активист. Ал массалык баш аламандыкка чакырык жасаган жана бийликти басып алууга үндөгөн деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган.
Ага каршы кылмыш иши 2024-жылдын март айында козголгон. Буга Жетигендин социалдык тармактарда жарыялаган видео кайрылуулары себеп болгон.



