Окуялар

Бишкекте Бажы кызматынын имаратында өрт чыкты

Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсү, 199 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик бажы кызматынын имаратында чыккан өрт саат 20:42де чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу имараттан өрт чыкканы тууралуу билдирүү кечке маал түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 4 күжүрмөн эсеби, 2 автошаты жана ыкчам штаб тартылды.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок», — деп айтылат маалыматта.

Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдын өлчөмү кийинчерээк такталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button