Бишкектин вице-мэри жана акимдери айымдарды куттукташты

Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, аппарат жетекчиси жана төрт райондун акимдери көчөгө чыгып, аялдарды майрамы менен жеке куттуктап, аларга гүл белек кылышты. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитети билдирди.
«Күтүүсүз жана жүрөк жылыткан бул иш-чара кадимки күндү чакан майрамга айлантты. Көчөдөн өтүп бара жаткан кыздарга, бойжеткендерге, аялдарга жана апаларга гүлдөр тапшырылып, алар менен кошо чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык сөздөрү жана жылуу куттуктоолор айтылды. Көптөгөн бишкектик айымдар үчүн бул жагымдуу сюрприз болду: жүздөрүндө жылмаюу пайда болуп, айрымдары ыраазычылык билдирип, эстеликке сүрөткө түшүштү», — деп айтылат билдирүүдө.
Бишкек мэриясы сүйүктүү айымдарды келе жаткан Эл аралык аялдар күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакыт, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк жылуулук жана шыктануу каалайт.




