Бишкекте алдамчылыкка шектелген туристтик компаниянын директору кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген туристтик компаниянын директору кармалды. Бул тууралуу ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 2-мартында Биринчи май райондук ИИБге жаран О.Н. жазуу түрүндө арыз менен кайрылган. Ал MIRELLE& COMPANY ЖЧКсынын директору М.К.га карата чара көрүүнү суранган.
Арыз ээсинин айтымында, туристтик компаниянын жетекчиси туристтик тур уюштуруу үчүн акча каражатын алып, бирок өзүнө алган милдеттенмелерди аткарган эмес.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон. Тергөө алдындагы текшерүүнүн жүрүшүндө жаран М.К. ишенимден пайдаланып, 307 миң 500 сом өлчөмүндөгү акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алып, арыз ээсине олуттуу материалдык зыян келтиргени аныкталган.
Аял кармалып, Бишкек шаарынын ИИББсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле башка жабырлануучулар бар-жогун тактоо үчүн кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын ИИББси жарандарга кайрылат: эгер сиз дагы бул жарандан жабыркаган болсоңуз же бул факты боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефондорго кайрылууңуздарды өтүнөт: 0998 83 48 97, 0500 09 60 95 же 102.



