Дүйнө

Ирандын президенти коңшу өлкөлөрдөн соккулар үчүн кечирим сурады

Ирандын Убактылуу жетекчи кеңеши аймактагы өлкөлөр америкалык-израилдик аскерий операцияны колдоону токтотсо, аларга каршы соккуларды токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан элге телекайрылуусунда билдирди.

«Кечээ кеңеш коңшу өлкөлөр мындан ары биздин чабуулдарга жана ракета соккуларына кабылбайт деген чечим кабыл алды. Бирок алардын аймагынан Иранга каршы чабуул жасалса, анда жооп кайтарышыбыз мүмкүн», — деди Пезешкиан.

Анын айтымында, Иран коңшу мамлекеттердин аймагына басып кирүү ниетинде эмес. Ошондой эле ал буга чейин жасалган соккулар үчүн кечирим сурады.

28-февралда Израиль жана АКШ баштаган аскерий операциядан кийин Иран аймактагы америкалык аскерий объектилерге сокку урган. Атап айтканда, соккулар Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт жана Бахрейн аймагындагы объектилерге жасалган. Мындан тышкары, учкучсуз учуучу аппараттар Сауд Арабиясынын мунай инфраструктурасына да сокку урган.

Тектеш кабарлар

Back to top button