Рианнанын Лос-Анжелестеги үйүнө ок атылды. Ырчы үйдүн ичинде болгон

Ырчы жана ишкер айым Рианнанын Лос-Анжелестеги заманбап стилде салынган сарайына жекшемби күнү түштөн кийин ок атылганын ABC News 9-мартта Лос-Анжелестин полиция департаментине (LAPD) жана булактарга таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, белгисиз адам үй тарапка бир нече ирет ок чыгарган. Ок имараттын дубалдарын тешип өтпөй, особняктын сырткы бөлүгүнө гана зыян келтирген. Ошондой эле айрым октор үйдүн фасадына жана анын жанында токтоп турган унаага тийген.
Шектүү катары 30 жаштагы аял кармалды. Аны полиция кызматкерлери окуядан көп өтпөй кармашкан. Учурда анын мындай аракетке баруусунун себеби тактала элек.
Булактардын билдиришинче, кол салууда AR тибиндеги мылтык колдонулган болушу мүмкүн. Окуядан кийин шектүүнүн унаасын полициянын тик учагы көзөмөлгө алып, кийин соода борборунун унаа токтотуучу жайынан патрулдук кызматкерлер тарабынан токтотулуп, кармалган.



