Спорт
Чолпон-Атада велоспорт боюнча Кыргызстандын кышкы чемпионаты өттү

Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр арасында шосселик велоспорт боюнча Кыргызстандын ачык кышкы чемпионаты өттү.
Маалыматка ылайык, спортчулар 96 чакырым аралыктагы жарышка катышты. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген велоспортчулар күч сынашты.
Ведомствонун билдирүүсүндө белгиленгендей, бул жарыш Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы экинчи профессионалдык шосселик веложарыш болуп калды.
Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Балдар арасында:
1-орун — Мурат Куйтенов (Казакстан);
2-орун — Чингиз Чулиев (Өзбекстан);
3-орун — Фазлиддин Ергашев (Өзбекстан).
Кыздар арасында:
1-орун — София Бабунова (Кыргызстан);
2-орун — Аружан Абылгазы (Казакстан);
3-орун — София Мамаева (Казакстан).



