Пайдалуу кеңештер

Картошканын ден соолукка тийгизген таасири

Гастроэнтеролог, дарыгери Максим Лисовский адам ден соолукка зыян келтирбестен күнүнө канча картошка жесе болорун айтты.

Адистин айтымында, ашказан-ичеги оорулары жок жана ашыкча салмагы болбогон дени сак адам күнүнө 200–250 грамм картошка жесе болот. Бул орточо эсеп менен эки-үч даана картошкага туура келет. Мындай көлөм организмге жетиштүү калий жана крахмал алууга мүмкүндүк берип, ошол эле учурда уйку безинин ферменттик системасына ашыкча күч келтирбейт. Бирок картошканы кантип даярдоо ыкмасы да чоң мааниге ээ.

Дарыгердин белгилешинче, эң пайдалуусу — кабыгы менен кайнатылган же духовкада бышырылган картошка. Мындай учурда продукттагы калий жана кабыгындагы клетчатка жакшы сакталат. Мындан тышкары, картошка муздаганда анын крахмалынын бир бөлүгү туруктуу формага өтүп, пребиотик катары ичегинин микрофлорасын колдоого жардам берет.
Ал эми картошка пюреси, айрыкча ысык түрүндө, жогорку гликемиялык индексине ээ. Ал тез сиңип, уйку безинин активдүү иштешин талап кылат.

Ошол эле учурда куурулган картошка жана фри картошкасы гастроэнтерологиялык көйгөйлөрү бар адамдар үчүн сунушталбайт. Дарыгердин түшүндүрмөсүнө ылайык, көп өлчөмдөгү май менен тез сиңген крахмалдын айкалышы өт жолдоруна күч келтирип, ооздо ачуу даамдын пайда болушуна, ич оорутууга жана метеоризмге алып келиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button