Спорт

Ала-Арчада музга чыгуу боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өттү

Ала-Арча капчыгайында музга чыгуу боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өттү. Мелдеш «Скиф-Политех» тоо клубунун альпинизм секциясынын түзүлгөнүнө 45 жыл толгонуна арналды. Бул тууралуу уюштуруучулар — Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекция жана Альпинизм жана спорттук аскага чыгуу федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, турнирге Кыргызстан, Россия жана Казакстандан келген 40тан ашуун спортчу катышты.

Жарыштар Ак-Сай шаркыратмасынын табигый рельефинде атайын даярдалган муз трассаларында өткөрүлдү. Шаркыратманын бийиктиги 70 метрди түзүп, ал бир нече каскаддан турат. Объект деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикте жайгашкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button