Пайдалуу кеңештер
Жогорку кан басым менен жабыркагандарга кызылча жакшы жардам берет

Дарыгер Амир Хан жогорку кан басым менен жабыркагандарга кызылча жеп же анын ширесин ичүүнү сунуштады. Бул тууралуу Daily Mirror жазды.
Анын айтымында, туура тамактануу кан басымына түздөн-түз таасир этет.Гипертониясы бар адамдарга тузду азайтып, банан сыяктуу пайдалуу азыктарды көбүрөөк колдонуу сунушталат.
Дарыгердин айтымында, кызылча курамындагы нитраттар организмде азот оксиди болуп, кан тамырларды кеңейтет жана кан басымды төмөндөтүүгө жардам берет.
Адистин маалыматына караганда, байкаларлык натыйжа алуу үчүн күн сайын кеминде 250 миллилитр кызылча ширесин ичүү керек. Ошол эле учурда ал бул шире кандагы канттын деңгээлин көтөрүшү мүмкүн экенин айтып, диабети бар адамдарга алдын ала дарыгер менен кеңешүүнү сунуштады.



