Саясат

Садыр Жапаров парламентти толугу менен электрондук форматка өтүүнү сунуштады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Садыр Жапаров парламентти толугу менен электрондук форматка өткөрүү сунушун айтты.

Президенттин айтымында, азыркы система мамлекетке чоң чыгым алып келет. Анын маалыматы боюнча, 2020-жылдан бери Жогорку Кеңеште А4 форматындагы 65 тонна кагаз колдонулган. Бул кагаздар чет өлкөдөн импорттолот.

Жапаров депутаттарды планшет жана ноутбуктарга өтүп, электрондук парламент түзүүгө чакырды.

«Кагаз менен калемди унуткула — убакыт ушуну талап кылууда. Өнүккөн өлкөлөр буга 30 жыл мурда өткөн. Ким билбесе, үйрөнгүлө, жардамчыларыңарды колдонуңар. Атүгүл аюуну велосипед тебүүгө үйрөтүшкөн, биз болсо адамбыз — тез эле үйрөнөбүз», — деди ал.

Президент электрондук форматтын бир нече артыкчылыгын белгиледи:

  • мыйзам долбоорлорун жана башка материалдарды дароо баарына жөнөтүүгө болот;
  • бардык документтерди 15–20 жылга чейин архивде сактоо мүмкүн;
  • документтерди кагазсыз, тез макулдашуу шарт түзүлөт.

Мамлекет башчысы белгилегендей, азыр мыйзам долбоорунда бир эле сөз өзгөрсө да, документтер кайра толугу менен басылып чыгып, депутаттарга кайрадан таратылат. Бул чоң чыгымга алып келет.

Ошондой эле ал кагаздан тышкары принтер, сыя, электр энергиясы жана кызматкерлердин эмгек акысы сыяктуу чыгымдарга жыл сайын миллиарддаган сом кетерин айтты.

Президент мисал катары өкмөт үч жыл мурда электрондук форматка өткөнүн эске салды. Анын айтымында, бул чечимдин натыйжасында миллиарддаган сом үнөмдөлгөн.

Жапаров электрондук документ жүгүртүү системасынын дагы бир артыкчылыгын белгиледи:

«Мурда документтер кабинеттен кабинетке айлап жүрчү. Азыр эртең менен жүктөлгөн документ кечке чейин макулдашылып бүтөт», — деди ал.

Президент үнөмдөлгөн каражаттарды депутаттардын депутаттык фонддоруна багыттоону сунуштап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мүмкүн болушунча тезирээк электрондук парламентке өтүшү керектигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button