Көкүлов эл өкүлдөрүнүн кадыр-баркы түшүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды

Жогорку Кеңеште депутат Эрулан Көкүлов эл өкүлдөрүнүн кадыр-баркы түшүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Эл өкүлүнүн айтымында, айрым министрлер депутаттарга тоготпогон мамиле жасап, кээ бир учурларда аларды кабыл алуу бөлмөлөрүндө күттүрүп коюп жатышат.
«Биз министрлерге өзүбүздүн жеке маселебиз менен эмес, элдин көйгөйү менен барабыз», — деди Эрулан Көкүлов.
Буга жооп иретинде мамлекет башчысы депутаттык кадыр-барк, биринчи кезекте, эл өкүлдөрүнүн жүрүм-турумунан жана көтөргөн маселелеринин деңгээлинен көз каранды экенин белгиледи.
«Депутаттын кадырынын түшүшү министрлерден же менден эмес, сиздердин өзүңүздөрдөн көз каранды. Кадыр-баркты депутаттар өздөрү эле түшүрүп жатышат. Трибунадан майда маселелерди көтөрөт, маанилүү эмес, уят иштерге жол беришет, элдин чыныгы көйгөйлөрүн чечүүгө убакыт кетирбейт. Кээде депутаттар министрлерге жеке маселелери боюнча кайрылышат. Бирок эгер депутат элдин суроосу менен келсе, министрлер парламентарийлер менен сүйлөшүп, маселени биргелешип чечүүгө убакыт табышы керек», — деди өлкө башчысы.
Эрулан Кокулов болсо министрлер депутаттардан качып, аларды кабыл алгысы келбей жатканын айтты:
«Мен министрликтерге кирүү үчүн өткөрмө пункттордо көп убакыт күтөм. Депутаттарга мындай мамиле кылууга болбойт», — деп белгиледи.



