Президент: Митингдерде каада-салтка туура келбеген чакырыктар айтылбашы керек

Депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаровга 8-мартта өткөн акция тууралуу айтып берди.
11-марттагы жыйында ал М. Горький атындагы скверде өткөн иш-чаранын аягына чейин өзү да катышканын билдирди. Анын айтымында, акция тынч жана тартиптүү өткөн, ал жерде милиция кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп турган, ошондой эле үгүттөөчү же чагымчыл ураандар болгон эмес.
«Жарандар үй-бүлөлүк зомбулукка жана укуктардын бузулушуна нааразычылыгын ар кандай жол менен билдириши мүмкүн. Биз буга каршы болбошубуз керек», — деди Сурабалдиева.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров бийлик митингдерге жана акцияларга каршы эместигин белгиледи. Анын айтымында, чектөө аянттарда, сот имараттарынын жана прокуратура органдарынын жанында митинг өткөрүүгө гана киргизилген.
Президент белгилегендей, Горький скверинде акцияларды атайын уруксат албай эле өткөрүүгө болот. Бирок бийлик жарандарды улуттук менталитетке жана салтка каршы келген аракеттерди жасабоого чакырат.
«Митингдерге тыюу жок. Болгону «Ала-Тоо» аянтында, прокуратура жана сот имараттарынын жанында өткөрүүгө гана чектөө бар. Кимде-ким өз үнүн жеткиргиси келсе, Горький сейил багында мэрияга алдын ала кабар берип, акцияларын өткөрө беришсе болот. Биз буга тоскоолдук кылбайбыз», — деди Садыр Жапаров.
Ошону менен бирге мамлекет башчысы акциялардын мазмунуна токтолуп, катышуучуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Анын айтымында, айрым учурларда азчылыкты түзгөн топтор жалпы элдин кыжырын келтирген ураандарды колдонууда.
«Болгону элибиздин менталитетине каршы келген ураандарды көтөрбөө керек. Мындай адамдар 1 пайыздан да аз. Алар плакат көтөрүп алып, баары аларды колдошун талап кылышат. Бул 7,5 миллион адамдын кыжырын келтирет. Ошондуктан биз алардан мындай кадамдарга барбоону суранабыз. Митингдерде каада-салтка туура келбеген чакырыктар айтылбашы керек», — деп кошумчалады президент.



