Бишкек-Ош жолундагы видеокамералар апрель айында ишке кирет

Апрель айында «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында Бишкек — Ош автожолунда видеокөзөмөл камералары толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мамлекеттик Кызмат мекемеси менен биргеликте программалык камсыздоо боюнча иштерди жыйынтыктоо баскычында турат.
Азыркы учурда трассада стационардык камералар гана иштеп жатат.
Мындан тышкары, ар бир 10 чакырым сайын аппараттык-программалык комплекстерди (АПК) орнотуу пландалууда. Каржылоо маселеси чечилген, орнотуу иштерин баштоо үчүн аба ырайынын ыңгайлуу болушу күтүлүүдө.
Ушундай эле комплекстер Каракол тараптагы жолдордо жана Торугарт ашуусунда да орнотулган.
Бишкек — Ош автожолу эл аралык маанидеги эң жүктөмү көп жана кырсык көп катталган магистралдардын бири болуп эсептелет. Бул жолдо болгон жол кырсыктарынын кесепеттери көбүнчө оор болуп келет.



