Коом

«Айчүрөк» соода борборунун жанындагы оргуштаманы кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Бишкекте ЦУМ «Айчүрөк» соода борборунун жанындагы фонтандык комплексти кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында белгилүү болду.

Вице-мэр Азамат Кадыров билдиргендей, коомчулукта чоң талкуу жараткан курулуш объектиси демонтаждалгандан кийин фонтанды кайра кайтаруу варианты талкууланып жатат.

Бул маселени жыйында депутат Алмаз Аскар уулу көтөрүп, анын айтымында бекитилген эскизге туура келбей курулган имараттын тагдыры тууралуу суроо берди.

Вице-мэрдин маалыматына караганда, имараттын көпчүлүк бөлүгү буга чейин эле бузулган.

«Үчүнчү жана экинчи кабаттары буга чейин эле бузулду, азыр биринчи кабаты гана калды», — деди Азамат Кадыров.

Мындан мурда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев ЦУМдун жанындагы курулуштарды бузуп, фонтанды жана жашыл аймакты мурдагы калыбына келтирүүнү талап кылган. Себеби салынып жаткан объект бекитилген архитектуралык долбоорго жана шаар куруу талаптарына жооп бербей турганы айтылган.

Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, демонтаж иштери толук аяктагандан кийин аймак көрктөндүрүлүп, фонтандык комплекс кайра калыбына келтирилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button