Дүйнө
Гавайиде Килауэа жанар тоосу атылды

Гавай аралдарындагы Килауэа вулканы кайрадан атылып баштады. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вулкан абага футбол тобундай чоңдуктагы таш жана вулкандык бөлүкчөлөрдү ыргытып, лаванын фонтаны 350 метр бийиктикке чейин жеткен. Бул атылуу 2024-жылдын аягынан бери 43-эпизод болуп эсептелет.
Килауэадагы эң чоң кратер — Халемаумау — 10-март күнү саат 9:17де атылып баштаганы кабарланды.
Ири вулкандык таштар Гавайи вулкандарынын улуттук паркы аймагынан табылган. Адистер жакындап келе жаткан катуу шамал күлдү жакын жайгашкан үйлөргө таратышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.
Килауэа — Гавайи аралында жайгашкан активдүү калкан сымал вулкан. Ал дүйнөдөгү эң активдүү вулкандардын бири болуп эсептелет.



