Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиевге карата кылмыш иши козголду

УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында 2026-жылдын 10-мартында 1980-жылы туулган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты К.К.К.га карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тергөө маалыматтарына ылайык, ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында Конгантиев Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.
УКМК жарандарды жана кызмат адамдарын коррупциялык аракеттерден алыс болууга, пара албоого жана бербөөгө, мыйзамдарды жана коррупцияга каршы саясаттын нормаларын так сактоого, ошону менен ачык-айкын жана мыйзамга баш ийген чөйрөнү калыптандырууга чакырат.



