Коом

УКМК: ИИМдин Бишкек шаардык күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери алдамчылык фактысы менен кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Бишкек шаардык күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери К.у.А.ны кармады. Ал 2025-жылдын сентябрь жана декабрь айларынын аралыгында айдоочулук күбөлүк алууга жардам берүү үчүн алдамчылык жолу менен ири суммадагы акча алган.

Каражаттар «МБанк» мобилдик банк тиркемеси аркылуу кызматкер тарабынан берилген реквизитке которулган.

Мындан улам, 2026-жылдын 10-мартында тергөө органдары тарабынан КР ИИМдин Бишкек шаардык күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери К.у.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айдоочулук күбөлүктү алууга мыйзамдуу негизде гана уруксат берилерин эскертет.

Белгилей кетсек, КР Президенти С.Н.Жапаров мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгы жана бул жааттагы ар кандай коррупцияга жол берилбестиги жөнүндө бир нече жолу эскерткен.

    

Тектеш кабарлар

Back to top button