Бишкектеги «Активдүү узак жашоо» борборунда 8-март майрамы белгиленди — ВИДЕО

Бишкектеги «Активдүү узак жашоо» борбору карылыктын босогосун аттаган ата-апаларыбызга жаңы дем, жаңы жашоо тартуулоодо.
Эл ичинде «жаштык кезде мүмкүнчүлүк көп» деп айтылганы менен, адамдын акылман курагы деле жашоонун жаңы жолдорун ача аларына Бишкектеги бир кайрымдуу жай далил болуп келет. Бул шаардык мэриянын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Ардагер» геронтологиялык борборунун алдындагы «Активдүү узак жашоо» программасы. Бул жер — жөн гана мекеме эмес, жүздөгөн карылар баарлашуу кубанычын тапкан, чыгармачылыктын чырагын жаккан жылуу уя десек жарашчудай.

Сахнада — «Жаңы дем»
Жакында аталган программанын алкагында түзүлгөн «Жаңы дем» тобунун айымдары 8-март, Аялдардын эл аралык майрамын өзгөчө шаң менен белгилешти. Майрамдык кече куру салтанат менен чектелбестен, жүрөккө жакын, өтө жылуу маанайда өттү. Залда созолонгон ырлар жаңырып, бийлер аткарылып, көркөм окулган ыр саптары көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш алдырды.
Көпчүлүк апалар сахнага өмүрүндө биринчи жолу чыгып жатышса да, өздөрүн ишенимдүү сезишти. Анткени алардын артында тирек болгон достору жана өнөр сырларын үйрөткөн устаттары — Лунара Жумабек, Тынара Жумабаева жана Халида Додобаева турушту. Бул адистердин көмөгү менен ардагерлер өздөрүнүн катылып жаткан талантын ачып, жаштыктын экинчи демин алышты.

Бир чыны чай үстүндөгү баарлашуу
Концерт бүтсө да, катышуучулар дароо тарап кетишкен жок. Анткени бул борбордун эң чоң баалуулугу — адамдык мамиле. Дасторкон үстүндө бир чыны чай менен өткөн маектер, жаштык кезди эскерүү, жаңылыктар менен бөлүшүү катышуучуларга руханий азык берди. Мындай жолугушуулар жашоонун маңызы жана анын мазмуну өткөн жылдардын санында эмес, бири-бирине көрсөткөн мээримде жана колдоодо экенин дагы бир ирет тастыктады.

Санариптен Скандинавиялык басууга чейин
«Активдүү узак жашоо» программасы 2024-жылдын күзүнөн бери «Социум» коомдук фондунун колдоосу менен иштеп келет. Бул жерде ардагерлер үчүн түзүлгөн шарттар суктанарлык:
Тил үйрөнүү: Кыргыз жана англис тилдери боюнча акысыз сабактар;
Санариптик сабаттуулук: Смартфонду колдонуу, интернет тиркемелери менен иштөө;
Чыгармачылык: Вокал, бий, сүрөт тартуу, токуу жана кол өнөрчүлүк;
Сергек жашоо: Гимнастика, йога жана скандинавиялык басуу.
«Биз адамдар сабактарга келе баштаганда алардын кандай өзгөргөнүн көрүп жатабыз. Алардын баарлашуу чөйрөсү кеңейип, өзүнө болгон ишеними артат. Максатыбыз — улуу муундун тажрыйбасы коом үчүн дагы деле маанилүү экенин баалап билүү», — дейт программанын дарыгери жана «Социум» фондунун жетекчиси Батма Эстебесова.
Эшигибиз ачык!
Бүгүнкү күндө программага 260тан ашуун пенсионер тартылып, анын ичинен 60ка жакыны туруктуу катышат. Бул жерде эч кимди жашына карап баалашпайт, тескерисинче, турмуштук тажрыйбасын сыйлашат. Жалгыздыктан чарчаган же жаңы нерсени үйрөнгүсү келген ар бир ардагер үчүн борбордун эшиги ар дайым ачык.
Кээде жашоонун жаңы барагын ачуу үчүн бир гана кадам жетиштүү. Балким, сиздин жакыныңызды да ал кадам ушул борборго алып келер?
Байланыш телефондору:
📞 0 (554) 58 30 07
📞 0 (505) 70 97 97



