Кара-Балтада чырдан кийин аял күйөөсүн бычактап өлтүргөн

Чүй облусунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 11-мартында саат 12:20 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө У.В. аттуу жарандан билдирүү түшкөн. Ал Кара-Балта шаарындагы Космонавтов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде күйөөсү П.А. өлтүрүлгөнүн кабарлаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 11-мартка караган түнү саат 00:00 чамасында жубайлар үйүндө спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Алардын ортосунда уруш чыккан.
Тергөө версиясына ылайык, эркек аялын мазактап, моралдык-психологиялык басым көрсөткөн. Ачууланган аял ашканадан бычак алып, диванда отурган күйөөсүнүн тамагына өлүмгө алып келген жаракат келтирген. Андан соң анын денесин паластын үстүнө сүйрөп чыккан. Ал алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болгон.
Окуядан кийин аял буюмдарын жыйнап, кармалышы мүмкүн экенине даярданып уктап калган. Эртең менен маркумдун денесин коридорго сүйрөп чыгып, 102 кызматына чалып, болгон окуя тууралуу билдирген.
Окуя болгон жерден бычак алынган, маркумдун сөөгү моргго жөнөтүлгөн. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
1968-жылы туулган У.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.



