Коом

Бишкекте 31 айдоочуга 2 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалы 31 жаранга ОСАГО жана КАСКО полистери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Атап айтканда, аларга жалпысынан 2 млн 906 миң сомдук каражат берилди.

Филиалдын директорунун орун басары Бактыбек Жунусовдун айтымында, мурда төлөмдөр бир ай ичинде каралса, уюм жетекчилигинин талабына ылайык, акыркы учурда 2 жуманын ичинде берилүүдө.

«Бүгүн жарандар төлөм сертификаттарын алып жатышат. Бишкек филиалы камсыздандыруучуларга жыл башынан бери 48 млн 959 миң сом төлөп берди. Ал эми 2025-жылы жалпысынан 69 млн 746 миң сом төлөнгөн. Бул салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Бишкек шаарында 2 миллиондун тегерегинде транспорт каражаты бар деп саналса, биздин талдоолорго ылайык, 2025-жылы алардын 10 пайызы камсыздандырылган. Негизи биздин уюмдан сырткары 17 жеке менчик компания бар, алар дагы ушул багытта иш алып барышат», — деди орун басар.

Белгилей кетсек, «ОСАГО» — бул автотранспорт каражат ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу программасы.

«ОСАГО жөнүндө» мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта толук күчүнө кирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button