Депутат: Кыргызстан менен Казакстан чек арадагы визалык чектөөлөрдөн баш тартышы керек

Кыргызстан менен Казакстан чек арадагы визалык чектөөлөрдөн баш тартышы керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жумабек Салымбеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстан тарабынан киргизилген визалык чектөөлөр эки өлкөнүн жөнөкөй жарандарына кыйынчылык жаратууда.
«Көптөгөн адамдар эки мамлекеттин чек ара аймагында ишкердик жүргүзүшөт, жогорку окуу жайларда окушат. Мурда Кордайдын тургундары дарылануу үчүн Бишкекке келишчү, анткени борборго келүү Алматыга барганга караганда жакыныраак болчу. 90/180 режими киргизилгенден кийин көп адамдардын жашоосу татаалдашты. Чек арадагы визалык чектөөлөрдү алып салууга жетишүү керек», — деди Жумабек Салымбеков.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 2023-жылдан бери ар кандай деңгээлде Казакстан менен 90/180 режимин жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
«Бирок Казакстан буга макул болбой жатат. Ошондуктан 2025-жылдын аягында биз дагы Казакстандын жарандары үчүн ушундай эле режимди киргизгенбиз», — деди Алмаз Имангазиев.



