Кыргызстан Кытайдын жарандарына визасыз режимди биринчилерден болуп киргизүүгө макул эмес

Кыргызстан Кытайдын жарандарына визасыз режимди биринчилерден болуп киргизүүгө макул эмес, бул эки тараптуу болушу керек. Бул туурасында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңеште айтты.
Депутат Жумабек Салымбеков аткаминерден жакынкы коңшулар аталган өлкө менен эки тараптуу визалык каттамдарды киргизип алганын айтып, бул боюнча Кыргызстан качан чечим кабыл аларын сураган.
«Биздин талап паритеттүү негизде, ал — Кытайдын да, Кыргызстандын да визасыз режимди бир маалда киргизүүсү. Алар кыргыз тарап визасыз тартипти биринчи киргизсин деп жатышат, биз ага макул эмеспиз. Сүйлөшүүлөр уланып жатат», — деди Имангазиев.
Имангазиев учурда Кытайдын Гонконг жана Макао административдик округдарынын тургундарына гана визасыз режим сынамык программа менен киргизилгенин билдирди. Кытайдын башка жарандары Кыргызстанга виза аркылуу гана келе алат.



