Коом

Ички иштер министрлиги фейк аккаунттар менен күрөшүүнү жүргүзүүдө

Ички иштер министрлиги мамлекет тууралуу же жогорку кызматтагы аткаминерлердин иш-аракеттери жөнүндө жалган маалымат тараткан фейк аккаунттарга каршы иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Маселе Жогорку Кеңештин 2025-жылдын 25-июнундагы №3297-VII «Банк тармагындагы жана интернеттеги алдамчылык кылмыштарга каршы аракеттенүү чаралары жөнүндө» токтомунун аткарылышын талкуулоо учурунда көтөрүлдү.

Жыйында депутат Жылдыз Эгембердиева киберкоопсуздук бөлүмү мындай аккаунттар менен иш алып барабы жана аларга кандай жоопкерчилик каралганын сурады.

«Бул фейк аккаунттар адамдарды каралап, өлкөдө башаламандык жаратат», — деди ал.
Нурбек Абдиевдин айтымында, социалдык тармактарды көзөмөлдөгөн атайын бөлүмдөр бар.

«Мисалы, кечээ эки аккаунт ачып, мамлекет тууралуу жалган маалымат тараткан аял кармалды. Азыр бул факт боюнча тергөө жүрүп жатат», — деди ал.

Депутат Эгембердиева жарандар адамдарды кемсинткен же жалган маалымат тараткан аккаунттар боюнча арыздана алабы деп тактады.

Абдиев ар бир кайрылуу текшерилип, эгер аккаунт жалган маалымат таратып же кимдир бирөөнү караласа, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн белгиледи.

Эске салсак, Бишкек шаарында массалык башаламандыкка чакырыктар камтылган материалдарды жарыялаган деген шек менен журналист Алтынай Арстанбекова кармалган. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги маалымдаган.

Маалыматка ылайык, 9-мартта социалдык тармактарды мониторинг кылуу учурунда Facebook тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт аныкталган. Ал аркылуу Кыргызстандын бийлигин дискредитациялоого жана коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган материалдар жарыяланган. Мындан тышкары айрым посттордун алдындагы комментарийлерде абалды туруксуздаштырууга жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр жазылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button