Журналист Алтынай Арстанбекова 9-майга чейин СИЗОдо калтырылды

Журналист Алтынай Арстанбековага карата массалык башаламандыкка чакырык камтылган материалдарды жарыялаган деген шек менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 9-майга чейин СИЗОдо калтырылды. Бул маалыматты соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Алтынай Арстанбекова 11-мартта кармалган. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ал Facebook социалдык тармагында «Даниэль Жоошбаев» аттуу фейк аккаунтту колдонгон. Тергөөдө бул баракча аркылуу Кыргызстандын бийлигин дискредитациялоого жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган материалдар таратылганы айтылууда.
10-мартта анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер жана тергөө үчүн маанилүү болгон башка буюмдар алынган.



