Лебединовка – ГЭС-5 жолу 4 тилкелүү болот

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда. Маалыматты транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолор жана асфальттын эски катмары толугу менен алынып, жаңыланган темир- бетон балкалары орнотулуп, кеңейтүү иштери жүрүүдɵ.
Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр жана байланыш линиялары жылдырылууда.
Аталган кɵпүрɵдɵ курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Лебединовка – ГЭС-5 жолундагы 0-360м тилкеси 15-февралдан 20-апрелге чейин убактылуу жабылды.
Белгилей кетсек, Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңеет. Ошондой эле долбоордо жарыктандыруу, учурдагы чоң көпүрөнүн эки тарабынан тротуар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.



