Коом

Тоок багуучулар өлкөдө жумуртканын кымбаттоо себебин түшүндүрүштү

Кыргызстанда тоок жумурткасынын кымбатташы жана жеткирүүнүн азайышы негизинен жумуртка туучу тоокторду пландуу эмдөө, канаттуулардын санын жаңылоо жана тоюттун кымбатташы менен байланыштуу. Бул тууралуу рыноктогу негизги катышуучулар менен өткөрүлгөн жолугушууларда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жыйындар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын демилгеси менен өткөрүлгөн. Ага Канаттууларды өстүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү, соода тармактары — Умай Групп, Азия Ритейл, Борсок Инвест жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги катышкан.

Тармак өкүлдөрүнүн айтымында, эмдөө мезгилинде тооктордун өндүрүмдүүлүгү кеминде 30 күнгө чейин төмөндөйт. Мындан тышкары баага сезондук фактор, логистика жана таңгактоо чыгымдарынын өсүшү, ошондой эле республикадагы базарларда ортомчулардын көп болушу да таасир этет.

Канаттуулар чарбалары бир убакта дүң бааларды көтөргөнүнө байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Канаттууларды өстүрүүчүлөр ассоциациясына атаандаштыкты чектөөгө жол берилбеши керектиги тууралуу эскертүү жөнөткөн. Ассоциацияга мүчөлөрү жана ортомчулар менен иш жүргүзүп, баа саясатын кайра карап чыгып, продукциянын наркы кантип түзүлөрүн ачык-айкын кылуу сунушталган.

Эске салсак, март айынын башында Кыргызстанда тоок жумурткасынын баасы жогорулап, супермаркеттерде он даанасы 160–170 сомго чейин жеткен.

Тектеш кабарлар

Back to top button