Маданият

Freeman 996, Баястан, Бегиш. Маданият министри  реперлер менен жолугушту

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бегиш, Бакр, Баястан, Freeman 996 жана башка рэп багытында чыгармачылык менен алектенген жаш аткаруучуларды менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап музыкалык маданиятты өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо жана чыгармачыл чөйрөдө кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле жаш аткаруучулар өз сунуш-пикирлерин билдирип, рэп маданиятын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу ой бөлүштү.

Министр Мирбек Мамбеталиев жаштардын чыгармачылык демилгелерин колдоо маданий саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, таланттуу жаштарды ар тараптан колдоо боюнча иштер улантыларын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да чыгармачыл кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашты.

Тектеш кабарлар

Back to top button