Дүйнө

АКШ «Green Card» алуунун эрежелерин катаалдатат

АКШнын Мамлекеттик департаменти Diversity Visa («грин карта» алуу программасы) үчүн катталууга жаңы талаптарды киргизет. Алар 10-апрелден тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жарыяланды.

Негизги өзгөрүү — эми баштапкы анкетаны тапшырганда эле документтердин санарип көчүрмөлөрүн берүү зарыл болот. Бул чара алдамчылык менен күрөштү күчөтүү жана катышуучулардын өздүгүн так аныктоону жеңилдетүү максатын көздөйт.

Жаңыланган тартипке ылайык, талапкерлер жарактуу чет өлкөлүк паспортунун маалыматтарын гана көрсөтпөстөн, анын биографиялык маалыматтары жана ээсинин кол тамгасы бар барактарынын скан-көчүрмөлөрүн да электрондук система аркылуу жүктөшү керек. Бул документтерсиз системага катталуу мүмкүн болбойт.

Мындан тышкары, анкетадагы айрым терминдер да өзгөртүлдү. Мисалы, «гендер» деген графа «жыныс» деген так аныктама менен алмаштырылат. Ал эми «жашы» деген графанын ордуна туулган күндүн так датасын көрсөтүү талап кылынат.

Бул жаңылануу программадагы каржылык өзгөрүүлөрдү да толуктайт. Эске салсак, 2025-жылдын сентябрынан тартып лотереяга катталуу үчүн 1 доллар өлчөмүндө милдеттүү төлөм киргизилген. Буга чейин арыз берүү акысыз болгон. Бирок жасалма маалымат берүү учурлары көбөйүп, өткөн жылдын декабрында визаларды берүү убактылуу токтотулгандыктан, АКШ бийлиги конкурсту уюштуруу тартибин кайра карап чыккан.

Жаңы эрежелер 2027-жылга карата программа аркылуу жашоого уруксат алууга талапкер болгон бардык жарандарга тиешелүү болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button