Жазында аллергиядан жабыркагандар үчүн үч кеңеш

Аллергологдор Джеффри Чамблисс жана Мишель Фам аллергиясы бар адамдарга гүлдөө мезгилине даярданууга жардам бере турган үч кадамды аташты. Алардын кеңештерин The New York Times басылмасы келтирди.
Чамблисстин айтымында, биринчи кезекте ар бир адам өзүнүн аллергия мезгилин аныкташы керек. Анын түшүндүрүшүнчө, чаңча (пыльца) үч толкун менен пайда болот:
— жаздын башында дарактар гүлдөйт,
— кеч жаздан жайга чейин чөптөр гүлдөйт,
— жайдын аягынан күзгө чейин жапайы өсүмдүктөр гүлдөйт.
«Организм кайсы чаңчага реакция кыларын жана ал качан көбөйө баштарын билсеңиз, алдын алуу чараларын жана дары-дармек ичүүнү туура пландаса болот», — деди аллерголог.
Даярдыктын экинчи кадамы — антигистамин дары-дармектерди алдын ала иче баштоо. Фам алардын кабыл алуусун гүлдөө мезгили башталганга эки-төрт жума калганда баштоону сунуштайт. Бул кычышуу, чүчкүрүү жана мурундун бүтүшүнө себеп болгон гистаминдин таасирин азайтууга жардам берет.
Анын айтымында, мындай ыкма белгилердин күчүн азайтып, гүлдөөнүн алгачкы күчөгөн учурларын жеңилирээк өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Үчүнчү кадам — үйдү чаңчанын таасирин азайта тургандай кылып уюштуруу. Адистер абаны тазалоочу аппараттарды колдонууга, бөлмөлөрдү чаңча аз болгон убакта желдетүүгө жана мүмкүн болсо көчөгө чыкканда маска тагынууга кеңеш беришет.
Ошондой эле Фам көчөдөн келген аллергендер үйдүн ичинде таралбашы үчүн сырткы кийимди башка кийимдерден өзүнчө сактоону сунуштады.



