Сахара чөлүнүн түндүк четинде кар жаады

Сахара чөлүнүн түндүк четинде кар жаады — бул акыркы 40 жыл ичинде жетинчи жолу катталып жатат. Ain Sefra шаарында абанын температурасы нөлдөн төмөн түшкөнүн Daily Mail басылмасы жазды.
2016-жылга чейин Айн-Сефрада акыркы жолу кар 1979-жылы жааган. Бирок акыркы он жылда кум дөңсөлөрү улам-улам кызгылт сары түстөн ак түскө өзгөрүп жатат. Мындай көрүнүш акыркы төрт он жылдыкта жети жолу кайталанды.
Сахара — дүйнөдөгү эң чоң чөл болуп саналат. Анын аянты дээрлик 9 миллион чарчы чакырымды түзүп, Түндүк Африканын чоң бөлүгүн камтыйт. Бул аймак Жер шарындагы эң кургак жерлердин бири гана эмес, эң ысык аймактардын бири да болуп эсептелет — бул жерде абанын температурасы 50 °Cден жогору көтөрүлүшү мүмкүн. Чөл 11 өлкөнүн аймагын камтыйт, алардын ичинде Египет, Алжир, Ливия жана Марокко бар.
Кызыктуу факт: бир нече миң жыл мурда Сахара нымдуу аймак болуп, анда токойлор, дарыялар жана бай жаныбарлар дүйнөсү болгон. Муну аскалардагы байыркы сүрөттөр далилдейт. Азыр болсо кум дөңсөлөрүндөгү кум катмары орточо 20–50 метрди түзөт, айрым жерлерде ал 300 метрге чейин жетет.



