Окуялар

Экс депутат Куванычбек Конгантиев 10-майга чейин камакка алынды

Мурдагы депутат Куванычбек Конгантиев эки айга Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалды. Ленин райондук сотунун тергөө судьясы тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, ага карата 2026-жылдын 10-майына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандады.

Буга чейин УКМК Конгантиев жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга жана аффилирленген адамдарды пайдаланууга шектелип жатканын билдирген.

Эске салсак, Куванычбек Конгантиев №21 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 13 миң 379 добуш алып, Жогорку Кенештин депутаты болуп шайланган. Парламентте ал «Эл үмүтү — Ата-Журт» депутаттык тобунун мүчөсү болуп, өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетти жетектеген.

Тектеш кабарлар

Back to top button