«Кумтөр Голд Компани» 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча так маалыматтарды сунуштады

Акыркы убакта коомчулукта «Кумтөрдө алтын казуу азайып, анын өздүк наркы кескин жогорулады» деген такталбаган маалыматтар тарай баштады. Буга байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча так маалыматтарды сунуштайт.
Өздүк нарктын өсүшүнө таасир эткен факторлор Кумтөр кенинде тоо-кен иштерин жүргүзүү шарттары табигый түрдө оорлошуп, алтынды ылгап алуу процесси татаалдашууда. 2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү кошкондо, бир унция алтындын өздүк наркы 1 884 долларды түздү.
Өздүк нарктын жогорулашына дүйнөлүк геосаясий кырдаалдан улам логистиканын жана ресурстардын кымбатташы негизги себеп болду:
- Күйүүчү май – 50%га;
- Реагенттер жана химикаттар – 70%га;
- Электр энергиясы – 92%га;
- Транспорттук чыгымдар (логистика) – 106%га (эки эседен ашык) өскөн. Мурда товарлар үч жумада келсе, учурда жеткирүү мөөнөтү үч айга чейин созулууда. Ошондой эле техникалардын тетиктери 30%га чейин кымбаттады.
2025-жылдын өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөрү:
- Өндүрүлгөн алтын: 12 081 кг (388 418 унция).
- Алтындын баасы: Жыл ичинде бир унция алтындын баасы 2 882,7 доллардан 4 612,95 долларга чейин көтөрүлүп, орточо баасы 3 711 долларды түздү.
- Жалпы киреше: 1 млрд 434,6 млн доллар.
- Таза киреше: 706 млн доллардан ашты.
- Төлөнгөн салыктар: Мамлекеттик бюджетке салык жана башка төлөмдөр катары 246 млн 507 миң доллар которулду.
«Кумтөр Голд Компани» бардык кыйынчылыктарга карабастан, өндүрүштүн натыйжалуулугун сактап, өлкө экономикасына ири салым кошууну улантууда.



