Россия Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу заттарды мурдагысындай эле жиберип турат

Россия Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу заттарды мурдагысындай эле жиберип турууга кепилдик берет, бул жаатта тартыштык болбойт. Бул туурасында экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Sputnik агенттигинде өткөн брифингде айтты.
Анын айтымында, бизде квота бар, андыктан Россия мурдагыдай эле жиберип турат.
«Негизинен продукцияны Россиядан алабыз. Биздин квотабыз бар, тышкы себептерге карабай, РФ рыногубузга мурдагысындай эле жиберип турууга кепилдик беришет. Майдан тартыш болбойбуз деген ишеним бар», — дейт Сейитов.
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов күйүүчү-майлоочу май акырындык менен 2,5-3 сомго кымбатташы ыктымалдыгын айтты.
Ал мындай учур эгерде күйүүчү майды заводдордон сатып алуунун наркы арзандабаса болушу мүмкүндүгүн айтты.



