Окуялар

Жалал-Абадда алимент төлөөдөн качкан жаран бир жылга эркинен ажыратылды

Маалыматка ылайык, иш Кыргыз Республикасынын Сот аткаруучулар кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча Сузак райондук бөлүмүндө каралган. Ага ылайык, А.Л.А. аттуу жарандан бир баланы багууга алиментти М.М.М. аттуу тараптын пайдасына өндүрүү боюнча аткаруу өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан.

Сот аткаруучулардын иш-аракеттеринин жүрүшүндө карызкер узак убакыт бою алимент төлөөдөн атайылап качып жүргөнү аныкталган. Ушуга байланыштуу материалдар жоопкерчиликке тартуу маселесин кароо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында, 2026-жылдын 11-мартында Сузак райондук соту ишти карап чыгып, А.Л.А.ны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп тапты.

Соттун өкүмүнө ылайык, ал 1 жылга эркинен ажыратуу жазасына тартылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button