Коом
Шаирбек Ташиев ИИМге суракка киргени айтылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө. Бул тууралуу окуядан кабары бар маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен билдирди.
Азырынча ал кайсы кылмыш иши боюнча өтүп жатканы жана кандай макамда — күбөбү же шектүүбү — экени тактала элек.
Ал эми ИИМ маалыматты расмий тастыктай элек.



