17-мартта борбор калаанын айрым жерлеринде суу берүү токтотулат

17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин бир катар турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, «Аэропорт» суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5; 93/6.
Токтоналиев көч., 139/3; 157; 153; 153/3; 155.
Т. Океев көч., 39/3; 39/4; 39/8; 39/7; 39/6.
«Бишкексууканал» МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Мэрия шаар тургундарын «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турууга чакырат.



