Саясат
Курманкул Зулушев БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз берди

Курманкул Зулушев БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз берди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Ага ылайык, депутаттын арызын БШК бүгүнкү жыйынында карайт.
Белгилей кетсек, Зулушев No10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган. Ал отставкага кеткенден кийин мандат добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча кийинки талапкерге өтөт. Ал талапкер Улугбек Ормонов 6735 добуш алган.



