Коом
14-мартка карата аба ырайы

Ишембиде туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүйдө 4…9,
Талас чөлкөмүндө 3…8,
Ысык-Көл облусунда 2…7,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 9…14,
Нарын өрөөнүндө -3…+2 градус жылуу болот.
Бишкекте 6…8 градусту түзөт.



