Гоголь көчөсүндө жайгашкан мечиттин ордуна жаңы мечит курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Шаар башчысы жыйынга келгендерди ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке, молчулук жана ынтымак алып келишин каалады.
Иш-чаранын алкагында мэрге Гоголь көчөсүндө жайгашкан Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечитти жаңылоо долбоору сунушталды. Долбоорго ылайык, учурда авариялык абалда турган жана кайра реконструкциялоого жараксыз болгон эски имарат бузулат.

Анын ордуна заманбап эки кабаттуу жаңы мечит куруу пландалууда. Долбоордо жер алдындагы унаа токтотуучу жай, бутиктер, кафе, кампалар, административдик бөлмөлөр жана даараткана (даарат алуучу жайлар) каралган.
Жалпы аянты 5 851,30 чарчы метрди түзөт. Ал эми намаз окуучу залдын аянты 3 506,77 чарчы метр болуп, бир убакта 4 200 адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.



