Дүйнө

NASA 1-апрелде төрт астронавтты Айды айланып учууга жөнөтөт

NASA 1-апрелде төрт астронавтты Айды айланып учууга жөнөтүүгө даяр экенин жарыялады. Техникалык көйгөйлөр жоюлгандан кийин жарым кылымдан бери биринчи жолу адамдардын Ай тарапка учуусу пландалып жатканы тууралуу The New York Times жазды.

Artemis II миссиясы болжол менен 10 күнгө созулат: экипаж Айды айланып учуп, анын бетине конбостон кайра Жерге кайтып келет. Учуруу Space Launch System ракетасынын жардамы менен ишке ашырылат.

Экипаждын курамына төмөнкүлөр кирет:

командир Рид Уайзман,
учкуч Виктор Гловер,
адистер Кристина Кох,
жана Джереми Хансен.

Апрель айында учуруу мүмкүнчүлүгү февралда аныкталган техникалык мүчүлүштүктөр жоюлгандан кийин пайда болду. Инженерлер суутектин агып кетишин жана гелий берүүдөгү көйгөйлөрдү оңдоп, бузулган тыгыздоочу бөлүктү алмаштырышты. Ракета акыркы текшерүүлөр үчүн кайра монтаждоо имаратына кайтарылган.

Программанын менеджери Shawn Quinn билдиргендей, ракетаны учуруу аянтчасына 19-мартта алып чыгуу пландалууда. Учуруу үчүн 1–6-апрель аралыгында алты мүмкүн болгон дата каралган.

Artemis Program — мурдагы Apollo Program программасынын уландысы болуп саналат. Ал программалар 1972-жылы аяктаган. Буга чейинки этап — Artemis I — 2022-жылдын аягында пилотсуз режимде өткөн.

Кийинки этап — Artemis III миссиясы. Анын алкагында 2028-жылы Айдын Түштүк уюлуна эки астронавтты кондуруу пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button